Баткенде селден кийин өчүп калган электр энергиясы калыбына келтирилди
2026-жылдын 22-июнунда Баткен районунда катталган селдин кесепетинен Баткен электр тармактар ишканасынын административдик имаратын жана 110/35/6 кВ «Баткен» көмөк чордонун сел каптады. Өзгөчө кырдаалдын натыйжасында Баткен шаарында жана Баткен районунда электр энергиясын берүү убактылуу үзгүлтүккө учураган.
Кырдаал жаралгандан тартып Баткен электр тармактар ишканасынын авариялык-калыбына келтирүү бригадалары күчөтүлгөн тартипте иш алып барып, түнү бою электр жабдууларын сел калдыктарынан тазалоо, техникалык кароо жүргүзүү жана бузулган участокторду калыбына келтирүү иштерин аткарышты.
Калыбына келтирүү иштерине Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери да тартылып, селден жабыркаган аймактарды тазалоо жана авариялык иштерди жүргүзүүдө көмөк көрсөтүштү.
Энергетиктердин жана ӨКМ кызматкерлеринин ыкчам, координацияланган аракеттеринин натыйжасында Баткен шаары жана Баткен району саат 21:15те электр энергиясы менен камсыз болду.
