Кыргыз-өзбек чек ара тилкесиндеги өткөрүү пункттары күнү-түнү иштей баштайт
www
20 май

Кыргыз-өзбек чек ара тилкесиндеги өткөрүү пункттары күнү-түнү иштей баштайт

Баткен облусундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан үч өткөрүү пункту бүгүн, 20-майдан тарта күнү-түнү иштей баштайт. Бул тууралуу КР Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, төмөнкү өткөрүү пункттары үзгүлтүксүз иштөө режимине өттү:

  • "Кадамжай – автожол";
  • "Чечме – автожол";
  • "Ак-Кыя – автожол".

Өткөрүү пункттарынын иш тартибин өзгөртүү жайкы туристтик сезон учурунда чек арадан өтүп жаткан жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатын көздөйт. Мындай режим үстүбүздөгү жылдын 1-октябрына чейин күчүндө болот.