65 жашка чыккан жаран майыптыгы бар жакындарына жеке ассистент болуу укугунан ажыратылат. Депутат эрежени өзгөртүүнү сунуштоодо
20 май

65 жашка чыккан жаран майыптыгы бар жакындарына жеке ассистент болуу укугунан ажыратылат. Депутат эрежени өзгөртүүнү сунуштоодо

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нилуфар Алимжанова майыптыгы бар жакындарын караган жана ал үчүн мамлекеттен төлөм алган жарандардын жаш курагы чектелип калганын билдирди. 

Ал улгайган, өзүнө кам көрүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган ата-энесин же майыптыгы бар балдарын баккан жарандар мыйзам боюнча алардын жеке ассистенти болуп саналаарын эске салды. 

“Мага 65 жаштагы энеден кайрылуу келди. Ал ушул курагында бир үй-бүлөнү жалгыз багат. Бирок мыйзамдагы жоболорго ылайык, жаран 65 жашка чыккандан кийин жеке ассистент болуу укугунан ажыратылат экен. Жакын адамына кам көрүү жөндөмү жаш куракка карата аныкталбайт да. 65 жаштагылар азыр активдүү жана жоопкерчиликтүү”, – деди депутат. 

Алимжанова тиешелүү мамлекеттик кызматтарга жеке ассистенттин жаш курак чегин жогорулатууну сунуштады. 

Ал мындай кадам “майыптыгы бар адамдар жашаган үй-бүлөлөр үчүн өтө чоң колдоо болоорун” кошумчалады.