www
27 апрель
Баткен облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды
Баткен облусунун аймагында жер титирөө катталды.
КР Сейсмология институтунан кабарлашкандай, жер титирөө бүгүн, 27-апрелде саат 02:30да сезилип, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.
Жер титирөөнүн очогу Баткенден түштүк-чыгышка карай 62 чакырым, Коргон айылынан түштүк-чыгышка карай 21 чакырым аралыкта жайгашкан.
Коргон айылында жердин силкинүүсү 2,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
