Баткен облусунда төрт айда 43 жол кырсыгы катталып, андан 11 адам каза болгон
www
20 май

Баткен облусунда төрт айда 43 жол кырсыгы катталып, андан 11 адам каза болгон

2026-жылдын алгачкы төрт айында Баткен облусунун аймагында 43 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 11 жаран каза болгон. Бул тууралуу Баткен облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссиясынын жыйынында айтылды.

Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10 учурга аз.

Мындан тышкары, жыйында “Акыркы коңгуроо” салтанатына байланыштуу коомдук коопсуздукту камсыздоо маселеси дагы каралды. Тиешелүү мамлекеттик кызматтарга күчөтүлгөн тартипте иш алып баруу, окуучулардын катышуусундагы унаа кортеждерине жол бербөө жана түшүндүрүү иштерин күчөтүү боюнча тапшырмалар берилди.