VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 700 ыктыярчы тартылды
Сүрөт ачык булактардан алынды
2 сентябрь

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 700 ыктыярчы тартылды

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө 700 ыктыярчы тартылды.

Алардын бардыгы эл аралык иш-чара башталганга чейин атайын даярдыктан өтүшкөн.

Волонтерлор чет өлкөлүк делегацияларды, спортчуларды жана конокторду коштоп жүрүп, иш-чара өтүп жаткан аянтчаларда багыт алууга жана уюштуруу маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтүүдө.

Уюштуруучулардын белгилешинче, волонтерлор катышуучуларды жана конокторду биринчилерден болуп тосуп алып, кыргыз элинин меймандостугун таанытууда.