Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан уурулукка шектүү жаран кармалды
5 февраль

Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан уурулукка шектүү жаран кармалды

2025-жылдын 30-декабрында Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБге А.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, белгисиз адамга карата чара көрүүнү суранган. Арыз ээсинин айтымында, ошол эле күнү болжол менен саат 13:45 чамасында белгисиз адам Чыңгыз Айтматов проспектисинде жайгашкан жогорку окуу жайлардын биринин аудиториясына кирип, сумкасын уурдап кеткен. Аталган сумканын ичинде 300 000 сом акча каражаты, 2 000 АКШ доллары жана «iPhone 15» үлгүсүндөгү уюлдук телефон болгон. Андан соң кылмышкер белгисиз тарапка из жашырып кеткен.

Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-(уурдоо) беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан 1993-жылы туулган У.Э. аттуу жаран кылмышка шектүү катары аныкталып, кармалган. Ал РИИБдин Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда кармалган жаран башка ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу текшерилүүдө. Тергөө иштери улантылууда.