Акыркы бир айда Кыргызстандын чек арасынан 3,5 млн адам өттү
Кыргызстандын Чек ара кызматы туристтик сезонго жана ири эл аралык иш-чараларга байланыштуу өткөрүү пункттарындагы ишти күчөттү.
Ведомстводон билдиришкендей, 2026-жылдын апрель айында мамлекеттик чек арадан 3 миллиондон ашык адам өтсө, июнь айында бул көрсөткүч 3,5 миллиондон ашкан. Бул мезгил аралыгында жүргүнчүлөрдүн агымы дээрлик 18% өскөн.
Чек арадан өткөн чет элдик жарандардын саны 1,58 миллиондон 1,83 миллион адамга чейин көбөйгөн.
Жарандарды жана транспорт каражаттарын үзгүлтүксүз өткөрүү үчүн Чек ара кызматы кырдаалга туруктуу мониторинг жүргүзүп, сезондук жүктөмдүн өсүшүн эске алуу менен кошумча чараларды көрүүдө.
2026-жылдын 17-июлуна карата бардык өткөрүү пункттары штаттык режимде иштеп жатат. Кыргыз тараптан жүргүнчүлөрдүн топтолушу катталган жок.
Ошондой эле ведомстводон айрым багыттардагы жүк ташуучу унаалар өткөрүү пункттарынын ишине тоскоолдук жаратпаганы белгиленди.
15-июлдан тарта «Санарип чек ара» мобилдик тиркемеси ишке кирди. Анын жардамы менен жарандар кезектер тууралуу маалыматты реалдуу убакыт режиминде көрүп, чек арадан өтүүнү алдын ала пландай алышат.
Мындан тышкары, өткөрүү пункттарына жарандар жана чет элдик коноктор үчүн маалыматтык такталар орнотулду.
