www
20 май
Ош жашыл шаарга айланат. Быйыл 13 сквер пайдаланууга берилет
Ошту жашыл шаарга айландыруу максатында быйыл 13 сквер курулууда.
Мэриядан кабарлашкандай, алар июнь айында пайдаланууга берилет. Азыр сквер куруунун акыркы этабы жүрүп, гүл отургузулуп, көчөт эгилүүдө.
Скверлерде жашыл зоналар тамчылатып сугаруу системасы менен сугарылат. Гүлдөр жашылдандыруу комбинаты ишканасынын өздүк чарбасынан отургузулуп, 400 даана гортензия гүлү эгилүүдө.
