«Аялы бычакталып, өзү асынган абалда табылган»: Баткенде үрөй учурган окуя катталды
27 апрель

«Аялы бычакталып, өзү асынган абалда табылган»: Баткенде үрөй учурган окуя катталды

Баткен районунун Чоң-Гара айылында жубайлар каза болду. Окуя 26-апрелде эртең менен катталганын айыл башчы Темирбек Толобаев
билдирди.

Турмуш басылмасы жазгандай, алдын ала маалыматка караганда, тургун аялын өлтүрүп, андан соң өзүнө кол салганы айтылууда. Каза болгондор 45 жана 46 жашта болгон.

Үй-бүлөдө 5 бала бар, алардын үчөө мектеп окуучусу. Мектепти аяктагандар бул жакта эмес.

«Окуя түн ичинде же эртең менен болгон окшойт. Балдары көрүп, кабар беришкен. Аялы бычакталып, күйөөсү даракка асынган абалда табылган. Милиция келип, сөөктөр экспертизага жөнөтүлдү. Жакында эле каза болгон эркектин апасы да көз жумган эле. Көп өтпөй ушундай окуя болуп калды. Үй-бүлө жакшы жашачу. Буга чейин урушуп-талашканын уккан эмеспиз», — деди айыл башчы.

Учурда окуянын жагдайлары такталып жатат. Милиция тиешелүү териштирүү иштерин жүргүзүүдө.