Кыргызстандыктарды кымбатчылык күтүп жатабы? Депутат МинКабды тез арада чара көрүүгө чакырды
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бактыбек Чойбеков аткаруу бийлигин алдыда мүмкүн болуучу кымбатчылыкка кандайдыр бир чара көрүүгө чакырды.
Ал дүйнөдөгү олку-солку кырдаал Кыргызстанга да таасирин берип жатканын, күйүүчү-майлоочу материалдардын баасынын өсүшү башка товарлардын да кымбатташына алып келээрин белгиледи.
“Биз баарыбыз алдыда товарлардын баасы өсүшү мүмкүндүгүн сезип турабыз. Бул боюнча алдын алуучу кандай кадамдар жасалып жатат? Аткаруу бийлиги өнөктөштөрүбүз менен тез арада сүйлөшүү жүргүзүүсү керек”, – деди ал.
Ошондой эле айыл чарба аксап, өлкө керектүү айыл чарба продукциялары менен өзүн өзү камсыздай албай жатканын билдирди.
“Мисалы, базарга барсаң ар кайсы өлкөдөн келген картошкаларды табасың. Өзүбүз өстүргөндөр жок. Кокус пандемия же башка кырдаал болуп, чек аралар жабылып калса кандай кылабыз. Эң жөнөкөй нан, картошка, сүт азыктары менен элди камсыз кылуу мамлекеттин милдети”, – деди Чойбеков.
