Кыргызстан менен Мисирдин Тышкы иштер министрлигинин ортосунда биринчи консулдук консультациялар өткөрүлдү
5 февраль

Кыргызстан менен Мисирдин Тышкы иштер министрлигинин ортосунда биринчи консулдук консультациялар өткөрүлдү

2026-жылдын 4-февралында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Мисир Араб Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ортосунда консулдук маселелер боюнча алгачкы консультациялар видеоконференц байланыш аркылуу өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын делегациясын Консулдук департаменттин директору Сейтек Жумакадыр уулу, ал эми Египет Араб Республикасынын делегациясын Мисир Араб Республикасынын Тышкы иштер министринин консулдук маселелер боюнча жардамчысы Хаддад Эль Гохари жетектеди.

Тараптар актуалдуу маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулап, эки тараптуу консулдук кызматташтыктын учурдагы абалы жана аны өнүктүрүү келечеги тууралуу пикир алмашышты.

1963-жылдын 24-апрелинде Вена шаарында кабыл алынган Консулдук мамилелер жөнүндө конвенциясына ылайык, тараптардын өз ара аракеттенүү маселелерине, ошондой эле айрым багыттар боюнча келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле консультациялардын маанилүү темаларынын бири катары эки мамлекеттин жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын өз убагында коргоону камсыз кылуу жана алардын эки өлкөнүн аймагында болушу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү маселелери белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгында, тараптар өз ара кызыкчылык жараткан бардык маселелер боюнча тыгыз кызматташууга даярдыгын билдиришти.