Баткенде жаштар жана аялдарды колдоо жана өнүктүрүү борбору ачылды
президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү
20 май

Баткенде жаштар жана аялдарды колдоо жана өнүктүрүү борбору ачылды

Баткенде “Жаштар борбору” жана “Аялдарды колдоо жана өнүктүрүү борбору” ачылды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чарага облус башчысы Мамыржан Рахимов, Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев, Кыргыз Республикасындагы БУУӨПтүн Туруктуу өкүлүнүн орун басары Патрик Хаверман, Россия Федерациясынын Ош шаарындагы Башкы консулу Роман Свистин, ошондой эле жаштар жана айымдар катышты.

Жетекчилер 12 миңден ашуун жаштар жашаган Баткен шаарында алардын өнүгүүсү үчүн шарт түзүү өзгөчө мааниге ээ экенин белгилешип, Жаштар борбору санариптик көндүмдөрдү үйрөтүүчү заманбап аянтчага айланарына ишеним билдиришти. Ошондой эле алар келечек муун үчүн биргелешип салым кошууга кубанычта экендиктерин белгилешти.

Жаштар борборунун максаты — жергиликтүү жаштардын маданий, билим берүү жана социалдык-экономикалык муктаждыктарын канааттандыруу, жаштар демилгелерин колдоо, мамлекеттик жаштар саясатын жергиликтүү деңгээлде ишке ашыруу жана жаштардын ар тараптуу өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү.

Бул имаратта “Айым HUB” Аялдарды колдоо жана өнүктүрүү борбору дагы өз ишин баштады. Катышуучулар аял депутаттар тарабынан көтөрүлгөн бул демилге маанилүү диалог аянтчасына айланарына ишеним билдиришти. Борбордо айымдар квалификациялуу укуктук жана психосоциалдык жардам алып, лидерлик жана экономикалык көндүмдөрүн өнүктүрө алышат.

Аталган борборлорду ачуу үчүн Баткен шаарынын мэриясы тарабынан 6,3 млн сом каражат бөлүнүп, имарат толугу менен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Ал эми БУУӨП жана Россия Федерациясы тарабынан жалпы 52 миң АКШ доллары өлчөмүндө каражат бөлүнүп, керектүү жабдуулар жана эмеректер сатылып алынды.