Ноокен районундагы селдин кесепеттерин жоюу иштерине кошумча күч жана каражаттар тартылды
президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү
17 июль

Ноокен районундагы селдин кесепеттерин жоюу иштерине кошумча күч жана каражаттар тартылды

Ноокен районундагы селдин кесепеттерин жоюу иштерине кошумча күч жана каражаттар тартылды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн облус башчысы Тилек Текебаев Кочкор-Ата шаарында жүрүп жаткан селдин кесепеттерин жоюу иштерине катышып, тиешелүү кызматтардын ишин жеринде координациялады.

Белгилей кетсек, 2026-жылдын 13-июлунда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Кочкор-Ата шаарында сел жүрүп, бир катар көчөлөрдү, турак жайлардын короо-сарайларын жана ички чарбалык жолдорду ылай каптап, инфраструктуралык объектилерге зыян келтирген.

Кырсыктын кесепеттерин жоюу максатында бүгүн Сузак жана Базар-Коргон райондорунун, Манас жана Таш-Көмүр шаарларынын Жарандык коргонуу кызматтары, ошондой эле кошумча атайын техникалар тартылып, Кочкор-Ата шаарындагы көчөлөрдү тазалоо, ылайларды чыгаруу жана жашоочуларга жардам көрсөтүү иштери күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө.

Облус башчысы Тилек Текебаев тазалоо иштеринин жүрүшү менен таанышып, күч жана техникаларды натыйжалуу бөлүштүрүү, селден жабыркаган жарандарга ыкчам жардам көрсөтүү жана кесепеттерди мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө жоюу боюнча тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилерине тапшырмаларды берди.