Баасы $12 миң түзгөн автоунааны алдамчылык жолу менен ээлеп алганга шектелген жаран кармалды
Ленин РИИБдин басма сөз кызматы
17 июль

Баасы $12 миң түзгөн автоунааны алдамчылык жолу менен ээлеп алганга шектелген жаран кармалды

Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБге борбор калаанын тургуну арыз менен кайрылып, өзүн У. деп тааныштырган аз тааныш жаран Toyota Land Cruiser Prado үлгүсүндөгү автоунаасын сатып берүүгө жардам берем деген шылтоо менен ишенимине кирип, унааны ээлеп алып, андан кийин байланышка чыкпай калганын билдирген.

Текшерүүнүн жүрүшүндө шектүү аталган автоунааны күрөө катары ломбарддардын бирине өткөрүп бергени аныкталган. Натыйжада жабырлануучуга 12 миң АКШ доллары өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген.

Бул факты боюнча Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүгү (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери шектүүнүн өздүгүн аныкташкан. Ал 1983-жылы туулган Ж.У. аттуу жаран болуп чыккан.

Белгилей кетүүчү нерсе, кармалган адам уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары атайын каттоодо турат.

2026-жылдын 16-июлунда шектүү милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБдин Тергөө кызматына жеткирилген. Ал Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери улантылууда. Окуянын бардык жагдайларын аныктоо, ошондой эле кармалган жарандын башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендигин тактоо боюнча зарыл болгон тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.