Саламаттык сактоо министри Эне жана баланы коргоо улуттук борборундагы трансплантация жасоодогу жетишкендиктерди белгиледи
2025-жылдын 6-мартында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда болуп, ал жердеги трансплантология бөлүмүнүн иши менен таанышып, операцияларды жасоо шарттарын көрдү. Бүгүн Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда кезектеги бейтапка (чоң адам) туугандык донордун бөйрөгүн трансплантациялоо операциясы ийгиликтүү өттү. Бул борбордо жасалган 65-трансплантация.
Кыргызстанда бөйрөктү трансплантациялоо тармагында оң тенденция байкалууда. 2024-жылы операциялардын саны 2023-жылга салыштырмалуу 36,4% өсүп, жылына 22 трансплантацияга жеткен. 2025-жылдын башынан бери беш операция жасалган.
Операциялардын санын көбөйтүү трансплантологияны өнүктүрүүнүн жаңы стратегиясынын жана бюджеттик каржылоого өтүүнүн аркасында мүмкүн болду. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда туугандык донордон трансплантациялоо жасалат, анда донорлор көбүнчө 30 жаштан 40 жашка чейинкилер. Өлкөдө бөйрөгүн алмаштырган бейтаптардын саны 2024-жылдын аягына карата 738ди түздү. Алардын бардыгы тиешелүү дарылануудан өтүүдө.
«Бөйрөк алмаштыруу – диализ алган бейтаптар үчүн маанилүү операция. Мамлекет үчүн бул тармакты өнүктүрүү маанилүү, анткени органдарды трансплантациялоо саламаттыкты сактоо системасынын жүгүн азайтып, бейтаптардын жашоо сапатын жакшыртат. Биз туруктуу каржылоону жана адистердин татыктуу эмгек акысын камсыз кыла турган ченемдик-укуктук базаны даярдап жатабыз”, - деп билдирди Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев.
Келечекте медициналык туризмдин алкагында чет өлкөлүк жарандарга трансплантацияларды жүргүзүү мүмкүнчүлүгү да каралып жатат, бул жогорку технологиялык операцияларды жасаган мекемелерди каржылоонун кошумча булагы болуп калышы мүмкүн.
