Бишкектин айрым райондорунда 26-сентябрда суу жок болот
25 сентябрь

Бишкектин айрым райондорунда 26-сентябрда суу жок болот

Бишкектин айрым райондорунда 26-сентябрда саат 09:00дөн 21:00гө чейин суу жок болот. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Өчүрүү «Тоголок Молдо» суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо иштерине байланыштуу. 

Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектешет: Панфилов көч., Манас пр.,   Фрунзе көч. — темир жол линиясы.

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын  суранат.