Улуттук банк кезектеги алдамчылык схемасы тууралуу эскертет
17 февраль

Улуттук банк кезектеги алдамчылык схемасы тууралуу эскертет

Белгисиз адамдар өздөрүн Улуттук банктын кызматкери катары тааныштырып, мессенджерлер аркылуу жарандарга алардын атына акча которулгандыгы, бирок ал акча каражаттарды алуу үчүн комиссиялык төлөм төлөө зарылдыгы жөнүндө билдирүүлөрдү жөнөтүп жатышат. 

Ушуга байланыштуу Улуттук банк жарандарга бул алдамчылык схемасы экендигин эскертет! Мындай билдирүүлөргө жана чалууларга ишенбеңиздер жана бейтааныш адамдарга акча которбоңуздар. Эгерде күмөн санасаңыз, расмий булактардагы маалыматты кайрадан текшериңиз.

Эскерте кетсек, Улуттук банк жарандарга телефон чалбайт, кызматкерлердин күбөлүгүн жана башка расмий документтерди мессенджерлер аркылуу жарандарга жөнөтпөйт, акча которууну суранбайт, ошондой эле жеке адамдарды тейлебейт, эсеп ачпайт жана калкка насыя бербейт.

Эгерде сиз алдамчылардын курмандыгы болуп калганыңызды түшүнсөңүз, банк картасын дароо бөгөттөп, тез арада укук коргоо органдарына кайрылыңыз.