Синтетикалык баңгизаттарды сатууга шектүү жаран кармалды
-
2026-жылдын 8-июлунда Бишкек шаарынын ИИББнын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына Биринчи Май районунун аймагында белгисиз жаран синтетикалык баңгизаттарды жашыруун жайларга калтыруу жолу менен сатып жүргөндүгү тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.
-
Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси («Сатуу максатында баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо») менен кылмыш иши козголгон.
-
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Школьная көчөсүндөгү жеке турак үйлөрдүн биринин жанынан 2005-жылы туулган Б.У. аттуу жаран кармалган.
-
Шектүүнү кароо учурунда анын кара түстөгү сумкасынан өзгөчө жыты бар жашыл түстөгү зат салынган 19 таңгак табылып, алынган.
-
Мындан тышкары, кармалган жарандын көрсөтмөсүнүн негизинде ушул эле зат салынган дагы 5 жашыруун жай аныкталып, алынган.
-
Шектүү Б.У. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесинин негизинде Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан ага карата Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды атка
Бишкек шаарынын ИИББгы жарандарды баңгизат каражаттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө байланыштуу фактыларга кайдыгер карабоого жана сак болууга чакырат. Эгерде мындай фактыларга күбө болсоңуздар, дароо «102» кызматына кабарлооңуздарды өтүнөбүз.
-
Эсиңиздерде болсун, баңгизат каражаттарын мыйзамсыз таратуу кылмыш жоопкерчилигине алып келет. Коомдун коопсуздугун жана бейпилдигин камсыз кылуу – ар бирибиздин жалпы милдетибиз.
