ЖК айдоочулар үчүн жоопкерчиликти күчөткөн жана унааларды мажбурлап эвакуациялоо тартибин киргизген мыйзам долбоорун кабыл алды
15 апрель

ЖК айдоочулар үчүн жоопкерчиликти күчөткөн жана унааларды мажбурлап эвакуациялоо тартибин киргизген мыйзам долбоорун кабыл алды

Жогорку Кеңеш айдоочулар үчүн жоопкерчиликти күчөткөн жана унааларды мажбурлап эвакуациялоо тартибин киргизген мыйзам долбоорун кабыл алды. Документ жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга багытталган.

Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, жол эрежесин бузуп, ден соолукка зыян келтирген учурда 80 миңден 200 миң сомго чейин айып пул салынат же оор учурларда эркинен ажыратуу жазасы каралат. Өзгөчө оор кесепеттерге алып келген учурларда 8 жылга чейин түрмө жазасы жана айдоочулук укуктан ажыратуу колдонулат.

Мас абалында жол эрежесин бузган айдоочулар үчүн жаза дагы катуулатылып, 10 жылга чейин эркинен ажыратуу мүмкүнчүлүгү каралган. Ошондой эле мас абалда кайрадан унаа башкарган айдоочуларга да өзүнчө жоопкерчилик киргизилди.

Мыйзамда унааларды мажбурлап эвакуациялоонун негиздери так көрсөтүлдү. Ага өтмөктөрдө, кесилиштерде, майыптар үчүн орундарда токтотулган же жол кыймылын тосуп калган унаалар кирет. Мындан тышкары, дөңгөлөктөрдү блоктоо практикасы киргизилип, бардык чыгымдарды эреже бузуучу төлөйт.