Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасы Кыргызстанга келди
Кытай Эл Республикасынын Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасы Чжао Лэцзи 23-июлда Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Бул тууралуу КР Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Мартабалуу мейманды «Манас» эл аралык аба майданынан Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев жана Кытай Эл Республикасы менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Исхак Масалиев тосуп алды.
Расмий сапардын алкагында бир катар иш-чаралар жана жогорку деңгээлдеги жолугушуулар белгиленген. Атап айтсак, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Чжао Лэцзи менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Анда тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин жана келечегин талкуулашат.
