Жалал-Абад облусунда «Кара-Куурай» иш-чарасы өткөрүлдү
2026-жылдын 3–8-август күндөрү «МАК-2026» операциясынын алкагында Жалал-Абад облусунун аймагында «Кара-Куурай» аталышындагы ыкчам-алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү.
Иш-чара Жалал-Абад ОИИБдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте уюштурулду.
Анын жүрүшүндө жапайы кара куурай өскөн аймактар аныкталып, атайын техникалардын жана жумушчу топтордун жардамы менен өсүмдүктөрдү жок кылуу иштери жүргүзүлдү.
Мындай иш-чаралар баңгизат өсүмдүктөрүнүн мыйзамсыз өсүшүнө жана жайылышына жол бербөөгө багытталган.
