Чүй облустук соту жыл жыйынтыгын чыгарды
11 февраль

Чүй облустук соту жыл жыйынтыгын чыгарды

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыевдин катышуусунда Чүй облусунун жергиликтүү сотторунун 2024-жылдагы иштеринин жыйынтыктарын чыгарууга арналган жыйын болуп өттү.

«Чүй облусунун биринчи инстанциядагы соттору тарабынан 2024-жылы 24716 иш жана 4445 соттук материалдар каралган. Алардын ичинен апелляциялык инстанциядагы сотко 1049 иш даттанылды (909 иш – 2023-жылы), бул 15% көп жана 167 соттук материал (207 — 2023-жылы), тактап айтканда 19% аз», — деп белгиледи кеңешмеде Чүй облустук сотунун төрагасынын жарандык жана экономикалык иштер боюнча орун басары Ирина Горшковская.

Мындан тышкары Ирина Горшковская судьялардын жүктөмүнө токтолуп, учурда Сокулук районундагы бир судьяга 78 иш туура келип жатканын айтты.

Ошондой эле кеңешмеде Чүй облустук сотунун төрагасынын административдик иштер боюнча орун басары Жыргал Мурзалиева сөз сүйлөдү. Берилген маалыматка ылайык, 2024-жылы Чүй облусунун административдик соту тарабынан 944 иш жана 193 соттук материал каралган. Алардын ичинен Чүй облустук сотуна 222 иш даттанылган (192 – 2023-жылы), башкача айтканда 2023-жылга салыштырмалуу 15,6% көп, 17 соттук материал (2023-жылы — 19), бул 10,5% азайганды билдирет.

Сот департаментинин Чүй облустук башкармалыгынын жетекчиси Эмилбек Ачикеев жакында эле Жогорку соттун төрагасы  Медербек Сатыев Чүй облусундагы жергиликтүү сотторду кыдырганда, бир катар  коюлган тапшырмалар туурасында маалымат берди.

Анын айтымында, Кант шаарында, Москва жана Панфилов райондук сотторунун имаратын куруу боюнча иштер жүргүзүлүп жаткандыгын айтты. Ал эми Сокулук, Жайыл, Чүй райондук соттору менен Токмок шаардык сотунда капиталдык ремонт иштерин жүргүзүү боюнча сметалар даярдалгандыгын кошумчалады.

Төрага Медербек Сатыев судьялардын жүктөмүнө токтолуп, айрым соттордун күчүндө калтырылган иштери аз болуп жатканын сынга алды.  Каралып жаткан иштердин сапатына өзгөчө көңүл буруп, бирдиктүү соттук тажрыйбанын үстүнөн иштөөгө чакырды.