Журналист Махабат Тажибек кызы абактан бошотулду
23 март

Журналист Махабат Тажибек кызы абактан бошотулду

Бишкектин Ленин райондук сотунда 23-мартта «Айт Айт Десе» долбоорунун журналисти Махабат Тажибек кызына байланыштуу кылмыш иши боюнча алдын ала соттук угуулар өттү.

Анын жолдошу, журналист Болот Темировдун айтымында, Махабатка өлкөдөн чыкпоо тууралуу тил кат менен бошотуу чарасы колдонулду. Буга чейин Болот Темиров өзү Кыргызстандан чыгарылып, жарандыгынан ажыратылган.

Эске салсак, Бишкек шаарынын Ленин райондук соту 2024-жылдын 10-октябрында Махабат Тажибек кызын Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренесинин 2-бөлүгү жана 278-беренесинин 3-бөлүгү («Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө, массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошондой эле жарандарга карата зомбулукка чакырыктар») боюнча 6 жылга эркинен ажыраткан. Ошол эле иштин алкагында дагы 11 журналист ар кандай жаза чараларын алышкан.

2026-жылдын 10-мартында Кыргызстандын Жогорку соту жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу Махабат Тажибек кызынын ишин кайра кароого жөнөтүп, мурунку инстанциялардын чечимдерин жокко чыгарган. Ишти караган судья журналистке карата баш коргоо чарасын өлкөдөн чыкпоо тууралуу тил катка өзгөрткөн.

23-марттагы угууда сот коргоо тараптын өтүнүчүн жарым-жартылай канааттандырып, баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча чечим чыгарды. Калган талаптар, анын ичинде кылмыш ишин токтотуу өтүнүчү канааттандырылган жок.