Барскоон – Каракол жолуна сегиз өтмөк курулат
Транспорт министрлиги
23 март

Барскоон – Каракол жолуна сегиз өтмөк курулат

Ысык-Көл айланма жолунун Барскоон айылынан Каракол шаарына чейинки 141–216-чакырым аралыгын реконструкциялоо иштери активдүү уланууда.

Курулуш министрлигинен кабарлашкандай, подрядчы тарабынан 143 атайын техника тартылып, мобилизациялоо иштери толук аяктады.

Учурда жол четин кеңейтүү, лотокторду орнотуу жана сүрүп-тегиздөө иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, 2025-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда Барскоон — Каракол автожолун 75 чакырымын реконструкциялоого старт берилген.

Долбоордо 5 кɵпүрɵнү куруу, 8 даана жер алдынан ɵтүүчү ɵтмɵк, калк жайгашкан жерлерде тротуар, жарыктандыруу каралган. Курулуш иштери 2025–2028-жылдардын аралыгында бүткөрүлөт. Кепилдик мөөнөтү — 5 жыл.

Бул долбоор аймактагы транспорттук байланыштарды жакшыртып, туристтик агымды көбөйтүүгө жана жергиликтүү калк үчүн ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталган.