Зыян 3 млн сомдон ашат. Ошто мекендештерин алдап кеткен индиялык студент кыз кармалды
Ош ШИИБ
23 март

Зыян 3 млн сомдон ашат. Ошто мекендештерин алдап кеткен индиялык студент кыз кармалды

Ош шаарында мекендештерин алдап кеткен индиялык студент кыз кармалды. Бул тууралуу Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, шаарда жүргүзүлүп жаткан «Нелегал» аталышындагы ыкчам иш-чаранын алкагында Индиянын 2002-жылы туулган жараны кармалды. Ал ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип, Ош шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Алгачкы тергөө амалдарынын жүрүшүндө аныкталгандай, шектүү К.М. Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын биринде билим алат.

Ал өзүнүн мекендештеринен ири суммадагы Индиянын улуттук валютасы — рупийди алып, аны АКШ долларына алмаштырып берүүнү убада кылган.

Учурда шектүүгө карата анын 9 мекендешинен арыз түшкөн.

Алардын айтымында, алдап алынган каражаттын минималдуу суммасы 35 миң сомду (улуттук валютага которгондо), ал эми максималдуу суммасы 243 миң сомду түзгөн. Жалпысынан жабырлануучуларга келтирилген материалдык зыян 3 миллион сомдон ашкан.

Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары улантылууда.