ИИОнын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилик курамы саптык даярдык жөндөмдөрүн жакшыртышты
25 январь

ИИОнын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилик курамы саптык даярдык жөндөмдөрүн жакшыртышты

Ички иштер министрлигинин коллегиясынын алкагында Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков ички иштер органдарынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери үчүн саптык даярдык боюнча сабактарды өтүү тапшырмасын берген.

Күн мурун, 24-январда аталган сабак Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин №7702 аскер бөлүгүнүн аймагында өттү.

Сабак кызматтык тартиптин, сапка тизилүү даярдыгынын деңгээлин жогорулатууга, ошондой эле жетекчилик курамдын жеке үлгүсүн калыптандырууга багытталган. Саптык даярдыктын жүрүшүндө сапка тизилүү ыкмаларынын элементтери, командалар жана жетектөөчү курамдын иш-аракеттеринин ырааттуулугу иштелип чыкты.

Иш-чарага ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов, ошондой ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов катышты.

Мындан тышкары, катышуучулар аскердик бөлүктүн кызмат өтөө шарттары жана инфраструктурасы менен таанышышты. Заманбап аскер шаарчасында штаб, клуб, спорт комплекси, ашкана, медициналык пункт ж.б. бар. Бөлүк коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн заманбап техникалар менен жабдылган.

Белгилей кетсек, 2025-жылдын 23-августунда өлкө башчысы Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин 7702 аскер бөлүгүнүн жаңы имаратын ачкан.