Нарын – Жаңы-Жол унаа жолу ачылды
Транспорт министрлиги
23 март

Нарын – Жаңы-Жол унаа жолу ачылды

Нарын районуна караштуу Нарын – Жаңы-Жол унаа жолу ачылып, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, жолду убактылуу ачуу боюнча атайын комиссиялык кароо жүргүзүлгөн. Комиссиянын курамында райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү, тиешелүү мекемелердин кызматкерлери жана адистер катышып, жолдун абалы жеринде текшерилген.

Жүргүзүлгөн кароонун жыйынтыгында, №41 Жол тейлөө ишканасы тарабынан жолду тазалоо, кеңейтүү жана коопсуз абалга келтирүү боюнча иштер аткарылганы белгиленди.

Белгилей кетсек, 8-март күнү саат 17:45 чамасында Нарын-Жаңы-Жол унаа жолунун Жаңы-Жол тилкесинде тоо боорунан шагыл аралаш таштар кулап, жолдо кооптуу абал жаралган. Буга байланыштуу, айдоочулардын жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун алдын алуу максатында Нарын – Жаңы-Жол унаа жолу убактылуу жабылган.