Таластагы «Баластан» эс алуу борборунун курулушу 45% аткарылды
Президенттин тапшырмасы менен Курулуш министрлиги тарабынан Талас шаарында «Баластан» эс алуу борборунун курулушу кызуу уланууда.
Ведомстводон кабарлашкандай, учурда курулуш иштери 45 пайызы аткарылды.
Долбоор мамлекеттик бюджеттен каржыланып, курулуш иштер 2025-жылдын ноябрь айында башталган.
Жалпы аянты 6,5 гектарды түзгөн бул комплекс 9 корпустан туруп, шаардын маданий жана экономикалык борборуна айланат.
Башкы планга ылайык “Баластан” борборунда аттракциондор, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн атайын оюн зоналары, заманбап кинотеатр, конгресс-зал жана коомдук тамактануу жайлары курулат.
Курулуштун жүрүшү “Кырызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан көзөмөлдөнүп, объектини жыл аягына чейин бүткөрүү пландалууда.
