Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин кызматкерлери тарабынан ден соолукка оор залал келтирүүгө шектүүлөр кармалды
28 февраль

Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин кызматкерлери тарабынан ден соолукка оор залал келтирүүгө шектүүлөр кармалды

2026-жылдын 12-февралында саат 05:10 чамасында Бишкек шаарынын ИИББнын «102» кызматына Шаардык клиникалык ооруканасынан, эркек киши башынан жаракат алып комага түшкөнү тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган маалымат боюнча дароо райондук башкармалыктын тергөө-ыкчам тобу барышкан. Текшерүүнүн жүрүшүндө 2026-жылдын 12-февралында Т.М., аттуу жаран Бишкек шаарынын Курманжан Датка көчөсүндө оозеки чыр-чатактын жүрүшүндө белгисиз адамдар тарабынан сабалып, башына белгисиз буюм менен чабып салганы аныкталган.

Аталган факты боюнча Свердлов РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесине (ден соолукка оор залал келтирүү) ылайык кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Свердлов РИИБдин жана Бишкек шаарынын ИИББнын ыкчам иликтөө кызматкерлери менен биргеликте 1991-жылы туулган С.М., 1991-жылы туулган К.А., жана 1991-жылы туулган Н.К., аттуу жарандар аныкталып ,Свеодлов РИИБдин Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынышты.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары улантылууда.