Ошто оңдоодон өткөрүлгөн жолдордун сапаты текшерилди
9 май

Ошто оңдоодон өткөрүлгөн жолдордун сапаты текшерилди

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасына ылайык, социалдык объектилерди жана жолдорду куруунун сапатына көзөмөлдү күчөтүү максатында Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти жана Курулушта сертификаттоонун республикалык борбору тарабынан атайын рейддик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Рейддин алкагында Ош шаарында 2024–2025-жылдары капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн жолдордун, ирригациялык тутумдардын жана лотоктордун сапаты текшерилди. Текшерүүнүн жүрүшүндө асфальттын астынкы катмарын талаптагыдай тыгыздоо иштери жүргүзүлбөгөндүгү аныкталып, анын кесепетинен жаан-чачындан кийин жолдордун чөгүшү жана асфальт катмарында жаракалардын пайда болушу катталды.

Атап айтканда, Демократ көчөсү, Энесай конушу, А. Навои көчөсү, Ош базарынын ички жолдору, Сатиев көчөсү (капиталдык оңдоо), Т. Касымбеков көчөсү (реконструкция), ошондой эле учурда курулуш иштери жүрүп жаткан Көкүм бий көчөсү, Р. Юнусов жана Куренкеев көчөлөрү, ошондой эле Алай көчөсүнүн тротуары жана башка бир катар көчөлөр текшерүүгө алынды.