Бишкекте атчан милиция кызматкерлери суу объектилеринин жанында алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүдө
Бишкек шаарынын ИИББнын Милициянын кайгуул-күзөт кызмат полкунун атчан милиция кызматкерлери борбор калаанын аймагындагы суу объектилеринин жанында эс алып жаткан жарандар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, алдын алуу иш-чараларын өткөрүүдө.
Иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери суу жээктерин, жарандар көп эс алган жерлерди кайтарып, эс алуучулар менен профилактикалык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Ошондой эле сууда коопсуздук эрежелерин сактоо, коомдук тартипти камсыз кылуу жана айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасоо зарылдыгын эскертишүүдө.
Милиция кызматкерлери жашы жете элек балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурууда. Ата-энелерге жана мыйзамдуу өкүлдөргө суу жээгинде эс алуу учурунда балдарды дайыма көзөмөлдөп туруу, аларды кыска убакытка да кароосуз калтырбоо зарылдыгы түшүндүрүлүүдө.
Борбор калаанын суу объектилеринин жанында өткөрүлүп жаткан алдын алуу иш-чаралары жай мезгилинде кырсыктардын жана укук бузуулардын алдын алуу, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.
