Талас облусунда Милициянын аллеясы ачылды
Талас облусунун борборунда 22-июлда милиция кызматкерлерине арналган өзгөчө мааниге ээ — "Милициянын аллеясынын" салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Иш-чара ички иштер министринин демилгеси менен ишке ашып, Талас облустук ички иштер башкармалыгынын имаратынын алдындагы бош турган жер заманбап коомдук эс алуу жайына айланды.
Ачылыш аземге президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев, Талас ОИИБдин башчысы Азенбек Козукеев, облустук укук коргоо органдарынын жетекчилери жана жергиликтүү 2000ге жакын тургун катышты.
Аллея – бул коомдук тартипти сактап, эл коопсуздугун камсыз кылып келе жаткан милиция кызматкерлеринин талыкпаган эмгегине жана мекенге болгон берилгендигине арналып жасалган эстелик мүнөзүндөгү долбоор.
Аталган жай жаштарга тарбия берүүдө, коомго үлгү болууда жана шаардык инфраструктураны өнүктүрүүдө маанилүү роль ойнойт.
