Бишкекте журналист кармалды: ИИМ окуянын чоо-жайын айтып берди
11 март

Бишкекте журналист кармалды: ИИМ окуянын чоо-жайын айтып берди

2026-жылдын 9-мартында социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында «Facebook» социалдык тармагындагы «Даниэль Жоошбаев» аттуу аккаунт колдонуучусу аркылуу Кыргыз Республикасынын бийлигин каралоого жана коомдук-саясий абалды курчутууга багытталган материалдар жарыялангандыгы аныкталган.

Ошондой эле аталган аккаунттагы айрым басылмалардын астындагы комментарийлерде коомдук кырдаалды туруксуздаштырууга жана баш аламандыктарга алып келиши мүмкүн болгон билдирүүлөр орун алган.

Аталган факт Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык баш аламандыктарга чакыруу) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жана Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери тарабынан, «Даниэль Жоошбаев» аттуу жалган аккаунттун ээси жана колдонуучусу журналист 1976-жылы туулган А.А. экендиги аныкталып, кармалган.

Ушуга байланыштуу шектүү А.А. тарабынан «Facebook» социалдык тармагындагы аталган аккаунт аркылуу жарыяланган бир катар басылмалар жана билдирүүлөр мыйзам талаптарына ылайык текшерүүгө алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

2026-жылдын 10-мартында А. А.нын жашаган жерин тинтүү учурунда кылмыш иши үчүн мааниге ээ болушу мүмкүн болгон бир катар техникалык каражаттар жана буюмдар табылып, алынган. Алардын катарында уюлдук телефондор, планшеттер, ноутбуктар, видеокамера, документтер жана башка буюмдар бар.

2026-жылдын 11-мартында шектүү А. А. Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери улантылууда.