Баткенде жер титирөө катталды
Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталды, деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.
КР Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, жер титирөө 26-декабрда саат 23:22де катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.
Жер титирөө Баткен облусунун Кадамжай районунун Лангар айылында 2,5 баллга (Лангар айылынан 6 чакырым түндүк чыгышта, Эгин-Жай айылынан 7 чакырым түштүк чыгышта, Кара-Оток айылынан 15 чакырым түштүк батышта, Ош шаарынан 95 чакырым түштүк батышта) чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
