Чүй: Шопоков шаарында жаңы парктын эскиздик долбоору иштелип чыкты
29 июль

Чүй: Шопоков шаарында жаңы парктын эскиздик долбоору иштелип чыкты

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Сокулук райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан Шопоков шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан аймакка жаңы парк куруунун эскиздик долбоору иштелип чыкты.

Долбоор шаар тургундары үчүн заманбап эс алуу жана сейилдөө мейкиндигин түзүүгө багытталган. Паркта жашылдандыруу, жөө адамдар үчүн аллеялар, отургучтар, жарыктандыруу тутумдары, чакан архитектуралык формалар жана эс алуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү каралган.

Жаңы парктын курулушу шаардын архитектуралык көрүнүшүн, экологиялык абалды жакшыртууга жана тургундар үчүн заманбап коомдук мейкиндикти түзүүгө өбөлгө түзөт.