Сөөгүн дачанын аймагына көмгөн. Кара-Балтада адам өлтүрүүгө шектүү кармалды
Чүй облусунда адам өлтүрүүгө шектүү кармалды, деп билдирет облустук милициянын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 22-мартында Жайыл РИИБне Кара-Балта шаарынын түштүк бөлүгүндө жайгашкан «Южная» дачасынын аймагында белгисиз адамдын жерге көмүлгөн сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Аталган факт каттоого алынып, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу дароо жөнөтүлгөн. Окуя болгон жерди кароо учурунда дача участогунун аймагында, тосмонун ички тарабынан 15–20 см тереңдикте казылган жерде чалкасынан жаткан эркек адамдын сөөгү табылган.
Маркумдун өздүгү такталып, ал 1993-жылы туулган Б.Н. экендиги аныкталган.
Бул факты боюнча КР КЖКнын 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.
Тергөө учурунда аныкталгандай, 1988-жылы туулган жаран Д.Р. 2026-жылдын 19-март күнү үч белгисиз эркек менен таанышкан. Алар менен бирге баңгизаттарды колдонгондон кийин ортолорунда чыр чыгып, мушташка айланган.
Окуя учурунда эки жаран качып кеткен, ал эми Ж.Р. Б.Н.ни кармап калып сабаган. Андан кийин аны такси менен өзүнүн жогоруда көрсөтүлгөн даректеги дачасына алып барып, ал жерде дагы уруп-сабоону уланткан. Натыйжада жабырлануучу каза болуп, шектүү кылмышты жашыруу максатында анын сөөгүн дачанын аймагына көмүп, кийимдерин жана жеке буюмдарын ар кайсы жерлерге таштап салган.
Ошондой эле Д.Р. 2014-жылдан бери психиатр дарыгердин каттоосунда турары аныкталган.
Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде бул кылмышка шектүү катары 1988-жылы туулган Д.Р. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөө иштери улантылууда.
