ӨКМ Кырчын жайлоосунда өрт коопсуздук талаптарынын сакталышын текшерди
1 сентябрь

ӨКМ Кырчын жайлоосунда өрт коопсуздук талаптарынын сакталышын текшерди

Кырчын жайлоосунда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрттү көзөмөлдөө кызматы Кырчын жайлоосундагы боз үй шаарчасынын өрт коопсуздугуна даярдыгын текшерди.

Анын жүрүшүндө боз үйлөрдө жана башка объектилерде,алгачкы өрт өчүрүүчү каражаттардын болушу жана алардын жарактуулугу каралды.

Мындан тышкары, жооптуу кызматкерлерге өрт кырсыктарын алдын алуу, өрт чыккан учурда туура аракеттенүү жана өрт өчүрүүчү каражаттарды туура колдонуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жүрүшүндө жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана кырсыктарды алдын алуу боюнча иш-чараларды улантат.