УКМКнын Оштогу жетекчиси Салмоор Жумабеков кызматтан алынды
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Салмоор Жумабеков кызматынан алынды. Бул тууралуу бир катар ЖМКлар өздүк булактарга таянып жазып чыгышты.
Маалыматта айтылгандай, Жумабеков УКМК төрагасынын милдетин аткаруучу Жумгалбек Шабданбековдун буйругу менен кызматтан алынган.
Жумабеков аталган кызматка 2025-жылдын декабрында дайындалган.
Эмне себептен кызматтан алынгандыгы тууралуу азырынча расмий маалымат жок.
