Ошто жазгы үч айлык жарыяланды
28 февраль

Ошто жазгы үч айлык жарыяланды

27-февралда Ош шаарын жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча жазгы үч айлык боюнча штабдын жыйыны өттү.

Ага Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев, мекеме-ишканалардын, окуу жайлардын жетекчилери, айылдык аймактык жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчылары катышты.

Жазгы үч айлык өнөктүгү 2026-жылдын 1-мартынан 31-майына чейин жарыяланып, анын алкагында,

  • шаардын калктуу конуштарынын сырткы көрүнүшүн жакшыртуу,
  • аймактарын көрктөндүрүү,
  • экологиялык жана санитардык абалын талаптагыдай деңгээлде кармоо,
  • жашыл бак-дарактардын аянтын кеңейтүү,
  • калкты жана аймактарды жаратылыш кырсыктарынан коргоо талаптары коюлду.

Жыйында мэрдин орун басары Эрнис Толтоев тиешелүү тармактарды жазгы үч айлыкка алдын ала даярдыкта, активдүү катышууга чакырып, жогорку деңгээлде иш алып баруу тапшырмасын берди.

Белгилей кетсек, Ош шаарын жашыл шаарга айландыруу калаа башчысы Жанарбек Акаевдин да негизги приоритеттүү багыттарынын бири.