Ысык-Көл жана Томск боордош облустар болушту
7 октябрь

Ысык-Көл жана Томск боордош облустар болушту

Ысык-Көл жана Томск боордош облустар болушту, деп билдирет КР ТИМдин басма сөз кызматы. 

Маалыматка ылайык, КРнын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунун көмөгү менен КР президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев жана Томск облусунун губернатору Владимир Мазур соода-экономикалык, илимий-техникалык, гуманитардык жана башка чөйрөлөрдө кызматташуу жөнүндө Макулдашууга жана 2026-жылга чейин өнөр жай жана сода, айыл чарба, илим жана техника, билим берүү, саламаттык сактоо, маалыматтык технологиялар, маданият жана искусство, туризм ж. б. тармактарда кызматташтыкты активдештирүү тууралуу Жол картасына кол коюшту.

Кол коюу аземи видеобайланыш аркылуу болуп өттү, документ негизинен эки региондун бизнесине маалыматтык көмөк көрсөтүү жолу менен айыл чарба жана тамак-аш продукцияларын, ошондой эле ветеринария үчүн дары-дармек препараттарын экспорттоо мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө, региондордун маданият күндөрүн өткөрүүнү кароону, түз авиакаттамдарды ишке киргизүүнүн келечегин изилдөөнү карайт.

Үстүбүздөгү жылы КРнын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунун көмөгү менен бир катар кызматташтык жөнүндө келишимдер түзүлгөн:

  •  КР президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жана РФнын Омск облусунун Өкмөтү менен;
  • КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жана РФ Омск облусунун Өкмөтү менен;
  • КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен РФ Новосибирск облусунун Өкмөтүнүн ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум.

    Маалымат катары: КРнын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Алтай Республикасынын Өкмөтүнүн (Россия Федерациясы) ортосунда соода-экономикалык, илимий-техникалык жана социалдык-маданий чөйрөлөрдө эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштарды ишке ашыруу жөнүндө Макулдашууга кол коюу маселеси иштелип чыгууда.