Жалал-Абаддагы Алатай коругунда калып кеткен германиялык туристтер куткарылды
президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү
24 июнь

Жалал-Абаддагы Алатай коругунда калып кеткен германиялык туристтер куткарылды

Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Алатай мамлекеттик жаратылыш коругунун аймагында 23-июнда эки турист жардамга муктаж болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

\Жерине ӨКМдин 4 куткаруучусу жана Токой чарбасынан 6 кызматкер тартылып, туристтерди издөө-куткаруу иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Куткаруучулардын ыкчам аракеттеринин натыйжасында Германия Федеративдүү республикасынын 1998-жылы жана 1998-жылы туулган эки жаран Алатай мамлекеттик жаратылыш коругунун тоолуу аймагынан табылып, коопсуз жерге түшүрүлдү.

ӨКМ жарандарды жана туристтерди тоолуу аймактарга чыгууда коопсуздук эрежелерин так сактоого, ошондой эле маршруттары тууралуу алдын ала тиешелүү кызматтарга маалымат берүүгө чакырат.