Талас облусунун аймагында “Арсенал” рейддик иш-чарасынын жүрүшүндө 21 ок атуучу курал алынды
16 февраль

Талас облусунун аймагында “Арсенал” рейддик иш-чарасынын жүрүшүндө 21 ок атуучу курал алынды

Талас ОИИБ тарабынан №55-т сандуу тескемеси чыгарылып, 2026-жылдын 12-февралынан 20-февралына чейин облус аймагында “Арсенал” аталышындагы рейддик иш-чара өткөрүлүүдө.

Иш-чаранын жүрүшүндө Талас ШИИБ, Талас, Бакай-Ата, Айтматов жана Манас РИИБдердин кызматкерлери тарабынан район аймагында ок атуучу куралы бар жана аңчылык менен алектенген жарандарга көзөмөл жүргүзүлүп, ок атуучу куралдарга берилген уруксат кагаздары жана аларды сактоо шарттары текшерилди.

Текшерүнүн жүрүшүндө Талас шаарынан 7, Талас районунан 5, Бакай-Ата районунан 2, Айтматов районунан 5, Манас районунан 2, жалпы 21 ок атуучу куралдар жарандардын өз ыктыяры менен кайтарымсыз түрдө ШРИИБге өткөрүлүп берилди. Ошондой эле белгиленген эрежелерди бузган жарандарга 12 протокол түзүлдү.