Аддис-Абебадан Каирге чейин: Кыргызстан Африка менен байланышты кантип бекемдейт
23 март

Аддис-Абебадан Каирге чейин: Кыргызстан Африка менен байланышты кантип бекемдейт

2025-жылы Кыргыз Республикасы тышкы саясий ишмердүүлүгүнүн географиясын ырааттуу түрдө кеңейтүүнү улантты.

Негизги кадамдардын бири – Кыргыз Республикасынын Африкадагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн ачылышы.

2025-жылы Кыргызстан Эфиопиянын Аддис-Абеба шаарынп Африкадагы биринчи элчилигин ачты. Бул шаар кокусунан тандалган жок, ал Африка континентинин дипломатиялык борбору болуп эсептелет. Анда Африка Биримдигинин штаб-квартирасы жана БУУнун Африка үчүн экономикалык комиссиясы жайгашкан. Бул жерде мамлекет башчыларынын саммиттери жана министрлердин жыйындары өтүп тургандыктан,  Кыргызстанга бир эле жерден бүтүндөй континент менен натыйжалуу диалог жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Жакынкы келечекте Египетте толук кандуу элчиликти ачуу пландалып жатат, бул саясий, экономикалык жана маданий тармактарда кызматташтыкты дагы да активдүү өнүктүрүүгө шарт түзөт.

Ишмердүүлүктүн дагы бир маанилүү багыты - Кыргызстан дипломатиялык мамилелерди түзгөн өлкөлөрдүн чөйрөсүн кеңейтүү.

Бул кадамдар дүйнөлүк саясатта жана экономикада барган сайын маанилүү ролду ойногон континент – Африка мамлекеттери менен саясий диалогду өнүктүрүү аркылуу тең салмактуу тышкы саясатты куруу логикасынан келип чыгууда.

Эксперттер тышкы саясаттын африкалык векторун кеңейтүү Кыргызстандын эл аралык уюмдарга катышуусунун, өз демилгелерин илгерилетүүнүн жана өлкөнүн дүйнөлүк аренадагы позициясын бекемдөөнүн негизин бекемдейт деп белгилешет.

Россиянын үлгүсү

Россиянын Африка менен кызматташуусундагы тажрыйбасы көңүл бурууга арзыйт: 2025-жылга карата Африка мамлекеттери менен товар жүгүртүү 13 пайызга өсүп, 27,8 миллиард долларга жетти. Негизги багыттарына азык-түлүк (дан, май), энергетика, коргонуу-өнөр жай комплекси, кадрларды даярдоо жана технологиялар, анын ичинде спутник байланышы кирет. Россия континенттин коопсуздугун камсыз кылууда жана инфраструктурасын өнүктүрүүдө стратегиялык өнөктөш макамын бекемдөөдө. Гуманитардык тармакта ал Африка өлкөлөрү үчүн адистерди даярдоону улантып, узак мөөнөттүү байланыштарды түзүүдө жана жергиликтүү кадрлардын квалификациясын жогорулатууда.