Нурланбек Тургунбек уулу мандатын тапшырууга даяр экендигин билдирди
Жогорку Кеңештин экс-спикери, депутат Нурланбек Тургунбек уулу өзүнүн депутаттык мандатынан баш тартууга даяр экенин билдирди.
ЖМКлардын маалыматына караганда, ал тиешелүү арызды Борбордук шайлоо комиссиясына берүүнү пландап жатат.
Эгер Нурланбек Тургунбек уулу кызматтан кетсе, анын ордуна №15 шайлоо округу боюнча талапкер Тургунбек Нариманов келиши мүмкүн. Буга чейин бул мандатка талапкер болгон Алишер Эрбаев 10-февралда УКМКнын төрагасынын орун басары – Антитеррордук борбордун директору болуп дайындалган.
Эске салсак, №15 округ боюнча шайлоонун жыйынтыгында шайлоочулардын эң көп добушун төмөнкү талапкерлер алышкан:
Нурланбек Тургунбек уулу
Азизбек Турсунбаев
Айсаракан Абдибаева
Нурланбек Тургунбек уулунун мандаттан баш тартуу чечими бул округ боюнча Жогорку Кеңештеги депутаттык орундардын кайра бөлүштүрүлүшүнө жол ачат.
