ШКУ саммити. Чет өлкөлүк лидерлер «Ырыс Ордого» келе башташты
1 сентябрь

ШКУ саммити. Чет өлкөлүк лидерлер «Ырыс Ордого» келе башташты

Бишкекте 1-сентябрда Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйыны өтө турган «Ырыс Ордо» конгресс-холлуна чет мамлекеттердин лидерлери келе баштады.

Чет өлкөлүк лидерлерди башкы кире бериштен Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев тосуп алууда. Ал эми конгресс-холлдун ичинде аларды Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров биргелешкен сүрөткө түшүү үчүн тосуп алууда.

Саммитке катышуу үчүн буга чейин төмөнкү мамлекеттердин жетекчилери келди:

  1. Масуд Пезешкиан — Ирандын президенти;
  2. Шахбаз Шариф — Пакистандын премьер-министри;
  3. Александр Лукашенко — Беларустун президенти;
  4. Касым-Жомарт Токаев — Казакстандын президенти;
  5. Эмомали Рахмон — Тажикстандын президенти.

Мамлекет башчыларынын келиши менен ШКУ саммитинин негизги иш-чаралары башталат.

ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйыны жана «ШКУ+» саммити Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында өтөт.

Жалпысынан иш-чараларга 17 мамлекеттин лидерлери жана өкүлдөрү катышары күтүлүүдө. Алардын арасында:

  1. Режеп Тайип Эрдоган — Түркиянын президенти;
  2. Александр Лукашенко — Беларустун президенти;
  3. Нарендра Моди — Индиянын премьер-министри;
  4. Масуд Пезешкиан — Ирандын президенти;
  5. Касым-Жомарт Токаев — Казакстандын президенти;
  6. Си Цзиньпин — Кытайдын төрагасы;
  7. Шахбаз Шариф — Пакистандын премьер-министри;
  8. Владимир Путин — Россиянын президенти;
  9. Эмомали Рахмон — Тажикстандын президенти;
  10. Шавкат Мирзиёев — Өзбекстандын президенти;
  11. Ильхам Алиев — Азербайжандын президенти;
  12. Никол Пашинян — Армениянын премьер-министри;
  13. Ухнаагийн Хурэлсух — Монголиянын президенти;
  14. Фор Эссозимна Гнассингбе — Тогонун Министрлер кеңешинин төрагасы;
  15. Тхонглун Сисулит — Лаостун президенти;
  16. Во Тхи Ань Суан — Вьетнамдын вице-президенти;
  17. Хусейн Иса — Египеттин вице-премьер-министри.

Ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, анын ичинде ШКУнун башкы катчысы Нурлан Ермекбаев, БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш, КМШнын башкы катчысы Сергей Лебедев жана ЖККУнун башкы катчысы Таалатбек Масадыков катышары күтүлүүдө.

Саммитте эл аралык жана аймактык күн тартиби, ШКУну мындан ары өнүктүрүү, ошондой эле саясат, соода, экономика, транспорт, логистика, санариптештирүү, экология, маданият жана гуманитардык тармактардагы кызматташтык маселелери талкууланат.

Жолугушуунун жыйынтыгында ШКУнун 25 жылдыгына арналган Бишкек декларациясына, ошондой эле бир катар башка документтерге жана тематикалык билдирүүлөргө кол коюу күтүлүүдө.

Ал эми «ШКУ+» форматында БУУнун жана эл аралык укуктун ролу, туруктуу өнүгүү жана аймактык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланат.