Садыр Жапаров иш сапары менен Сауд Аравияга жөнөп кетти. Коштоп кеткендер
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-ноябрда, иш сапары менен Сауд Аравия Королдугуна (Эр-Рияд шаары) кезексиз Биргелешкен араб-ислам саммитине катышуу үчүн жөнөп кетти, деп билдирет мамлекет башчысынын маалымат кызматы.
Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:
- тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
- Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
- Кыргызстандын Сауд Аравия Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси / Ислам Кызматташтык Уюмундагы Кыргызстандын Туруктуу өкүлү Улукбек Марипов.
