“КУЭТ” ААКнын башкы директору Ильгиз Сыдыгалиев Ысык-Көл облусундагы күз-кышка даярдык, курулуш жана модернизация иштерин текшерди
“Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын башкы директору Ильгиз Сыдыгалиев иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барып, филиалдын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү, курулуш жана модернизация иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты.
Иш сапардын жүрүшүндө башкы директор электр тармактарында жүргүзүлүп жаткан оңдоо, жаңылоо, курулуш жана техникалык модернизация иштеринин сапаттуу жана өз мөөнөтүндө аткарылышы өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи. Ал тиешелүү жетекчилерге бир катар тапшырмаларды берип, алдыдагы күз-кыш мезгилинде калкты жана социалдык объектилерди үзгүлтүксүз жана туруктуу электр энергиясы менен камсыздоо башкы милдеттердин бири экенин баса белгиледи.
Мындан тышкары, Ильгиз Сыдыгалиев Каракол шаарында курулушу пландалып жаткан Борбор Азиядагы алгачкы адистештирилген энергетикалык окуу борборунун орду жана окуу-машыгуу полигону менен таанышты. Ошондой эле окуу борборунун базасында түзүлө турган электр жабдууларын оңдоо жана чогултуу цехинин имараты каралып, реконструкция иштерин ыкчам баштап, белгиленген мөөнөттө бүтүрүү милдети коюлду.
Белгилей кетсек, бул окуу борбору энергетика тармагы үчүн өзгөчө мааниге ээ. Анда жаш адистер теориялык билим менен гана чектелбестен, окуу-машыгуу полигонунда заманбап жабдууларды жана жеке коргонуу каражаттарын колдонуу менен чыңалуу алдында иштөө боюнча практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүп, реалдуу тажрыйба топтоого мүмкүнчүлүк алышат.
Долбоор ийгиликтүү ишке ашырылса, Кыргызстан Борбор Азиядагы энергетика тармагында кадрларды даярдоочу негизги борборлордун бирине айланып, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан сыяктуу коңшу мамлекеттердин жаш адистери келип, квалификациясын жогорулатууга шарт түзүлөт.
Иш сапарынын алкагында башкы директор 110/10кВ Долинка көмөк чордонунда жүргүзүлүп жаткан модернизация жана реконструкция иштеринин жүрүшү менен дагы таанышты. Анда электр жабдууларын жаңылоо жана кубаттуулукту жогорулатуу боюнча аткарылып жаткан иштер каралып, курулуш иштерин сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө бүтүрүү тапшырмасы берилди.
