«Электр станциялар» ААКна жаңы башкы директор дайындалды
Сүрөт ачык булактардан алынды
28 июль

«Электр станциялар» ААКна жаңы башкы директор дайындалды

«Электр станциялары» ААКнын директорлор кеңешинин чечими менен компаниянын башкы директору кызматына Мамыралиев Улугбек Таалайбекович дайындалды.

Жаңы жетекчи Кыргызстандын энергетика тармагында 20 жылдан ашуун эмгек тажрыйбасына ээ. Кесиптик ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндө өндүрүштүк жана инвестициялык процесстерди башкаруу боюнча терең тажрыйба топтоп, өндүрүштүк-техникалык бөлүмдөрдү жетектеген. Ошондой эле өлкөнүн энергетика тармагындагы стратегиялык маанидеги ири долбоорлорду, анын ичинде Токтогул ГЭСин жана Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо иштерин ийгиликтүү ишке ашырган.

Билими:

Мамыралиев Улугбек Таалайбекович эки жогорку билимге ээ.

•2001–2006-жылдары И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Энергетика факультетин «Электр станциялары» адистиги боюнча аяктаган.

•2012–2014-жылдары И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Башкаруу жана бизнес институтун «Менеджмент» адистиги боюнча бүтүргөн.

Резюмеси тиркелет.

Маалымат үчүн: «Электр станциялары» ААК - Кыргызстандын негизги электр энергиясын өндүрүүчү компания болуп саналат жана өлкөдө өндүрүлгөн электр энергиясынын 84 пайызын камсыздайт.

Компаниянын курамына төмөнкү жети гидроэлектр станциясы кирет: Токтогул ГЭСи; Күрп-Сай ГЭСи; Камбар-Ата ГЭС-2; Үч-Коргон ГЭСи; Ат-Башы ГЭСи; Шамалды-Сай ГЭСи; Таш-Көмүр ГЭСи. Компаниянын жалпы орнотулган кубаттуулугу 3293,76 МВт түзөт.