Нарын: Соң-Көлдөгү мыйзамсыз туристтик курулуштар боюнча чара көрүлдү
24 июнь

Нарын: Соң-Көлдөгү мыйзамсыз туристтик курулуштар боюнча чара көрүлдү

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Нарын региондук башкармалыгы тарабынан аймактагы курулуш объектилери туруктуу негизде көзөмөлдөнүүдө.

Көзөмөлдөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кочкор районунун Чолпон айыл өкмөтүнө караштуу, Соң-Көл жайлоосунда курулуп жаткан А-Фрейм жана жеңил конструкциялык глэмпингдин курулушу боюнча бир катар мыйзам бузуу фактылары катталды.

Тактап айтканда, көрсөтүлгөн объектилерде курулуш иштери тиешелүү уруксат берүүчү документтерсиз башталган. Мындан тышкары, курулуш иштерин жүргүзүүдө белгиленген курулуш ченемдери жана техникалык талаптар толук көлөмдө сакталган эмес. Аталган фактылар Кыргыз Республикасынын “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын, ошондой эле курулуш чөйрөсүндөгү колдонуудагы ченемдик-укуктук актыларды бузуу болуп эсептелет.

Натыйжада, жеке тараптар С.А.Н.  жана Ш.у.Э. карата административдик чара көрүлүп, 200 000 (эки жүз миң) сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ошондой эле мыйзам бузууларды жоюу жана курулуш иштерин талапка ылайык келтирүү боюнча тиешелүү көрсөтмөлөр берилди.

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти бардык компанияларды курулуш иштерин жүргүзүүдө мыйзамдардын жана курулуш ченемдеринин талаптарын так сактоого чакырат.